Жылнаама, 10-февраль: Мындан 28 жыл мурун кикбоксчу Кумар Жалиев туулган

*Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы кикбоксчу Кумар ЖалиевОш шаарында төрөлгөн. Спортко бала чактан эле кызыгып, 8-классынан баштап спортзалга бара баштаган. Ошол күндөн тарта кикбоксингдин үстүндө тынымсыз иштеп, 11-класста Республиканын чемпиону болгон.  

 
 
177 жыл мурун, 1837-жылы улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкин көз жумган. Ал 1799-жылы 6-июнда Москва шаарында дворяниндин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы аскер адамы, эс алууга чыккан майор болгон. Таятасы түбү эфиопиялык кара мусулман болуп, Петр Iнин кол башчысы, генерал Ганнибал, декабристтерге ылым санаган либерал акын аталган. Пушкин төрөлгөн күнү император Павел да кыздуу болгонуна байланыштуу анын урматына күнү кечке тынбай бардык чиркөөлөр жандуу иштеп, сыйынып-чокунгандарды чиркөө коңгуроолору коштоп турган. Ошондой кокустук менен дал келип калган орустун улуу гений акынынын туулган күнү жалпы элдик майрам катары кабылданып кеткен. 1836-жылдын кышында Пушкиндин көрө албас душмандары, ак сөөк петербургчулар акындын аялы падыша менен байланышкандыгы тууралуу ыплас ушак таратып жиберишет. Аны менен эле тим болуп калышпай, учурдан пайдаланган француз "келгини" Дантес жүзү каралык менен акындын аялы Наталья Николаевнага сугун артканы билинет. Өзүнүн бийик адамдык, акындык даражасын коргоп калуу максатында Пушкин Дантести 1837-жылы 27-январда Петербургдун жанындагы Кара дайра деген жерге дуэлге чакырган. Айрым маалыматтар боюнча, Дантестин огунан оор жаракат алган Пушкин эки күндөн кийин жарык дүйнө менен кош айтышат. Ал эми көпчүлүк маалымат булактарында Александр Сергеевич Пушкин 10-февралда көз жумган деп айтылат. Акын В.Жуковскийдин "орус поэзиясынын күнү батып кетти" деп жар салып жазганы бар. "Ар кандай элдик толкундоо болуп кетет" деп чочуган падыша акындын сөөгүн Петербургдан жашыруун алып чыгууга буйрук берген. Пушкиндин сөөгү Михайлов деген кыштакчанын жанындагы Святогорск монастрына караштуу көрүстөнгө жашырылган.
*Мындан 8 жыл мурун 2006-жылы Туринде 20-Кышкы Олимпиада оюндары старт алган. Оюнду Италиянын ошол кездеги ажосу Карло Адзельо Чампи ачкан.
Ошентип, 17 күн Италиянын Турин шаарында 20-Кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанып турган.
Оюндарды көрүү үчүн миңдеген күйөрмандар дүйнө жүзүнөн Турин шаарына агылып барышкан. Олимпиадалык оюндардын кожоюндары 2573 спортчу жана ондогон машыктыруучуларды кабыл алып, спорт сарайларын, стадион, база, спорт-комплекстерин, олимпиадалык айылдарын, мейманканаларын куруп, олимпиадачыларды тейлөөчү кызматкерлерди, журналисттерди, техникалык адистерди жана спорт күйөрмандарын жайгаштыруу, аларга шарт түзүү жана башка түмөн түйшүктүү иштерди аткарышкан. 
Италияда ушуну менен үчүнчү ирет Олимпиада оюндары өткөрүлгөн. 1956-жылы 26-январдан 5-февралга чейин Кортина`-д Ампеццо шаарында 7-Кышкы Олимпиада өтүп, ага 33 өлкөнүн 924 спортчусу катышкан. 1960-жылы Рим шаарында 17-Жайкы Олимпиаданын оту жанган. Буга дүйнөнүн 83 өлкөсүнөн 5348 (анын 660ы кыз-келин) спортчу катышып, мөрөй талашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан