12-февралда Өлкө боюнча Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -3°C, түнкүсүн -18°C
Талас облусу. Күндүз -4°C, түнкүсүн -25°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -14°C
Баткен облусу. Күндүз -2°C, түнкүсүн -15°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -17°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -30°C
Бишкек шаары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -17°C
Эскертүү!
Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Нарын - Торугарт, Казарман - Ак-Тал-Чат, Баетов - Ак-Кыя, Арал - Миң-Куш унаа жолдорунда 10-февралдан 13-февралга чейин кар көчкү коркунучу сакталат. Жогорудагы аймактарда унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.