Жылнаама, 12-февраль: 1 жыл мурун Бишкек гарнизондук Аскер соту Курманбек Бакиевди 24 жылга эркинен ажыраткан

1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек гарнизондук Аскер соту экс-президент Курманбек Бакиевди 24 жылга сыртынан соттогон. Ал эми Жаныш Бакиевдин мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган жана генерал-лейтенант аскер наамы алынган. Ага-ини Бакиевдер 2009-жылы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш жообуна тартылышкан.

* 2013-жылы Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде “Салам, Нью-Йорк!” тасмасынын бет ачар аземи болгон. Тасманын режиссёру - Руслан Акун, ал эми продюсери - Нурбек Айбашов.

“Салам, Нью-Йорк!” тасмасы жарыкка чыккандан тартып коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынып, 2013-жылдын 5-сентябрында бул тасма Түштүк Кореяда өткөн Сеул эл аралык кинофестивалынын атайын сыйлыгына ээ болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Салам, Нью-Йорк!” тасмасы "2013-жылдын супер тасмасы" деп табылган. Ал эми тасмадагы Баатырдын ролун жеткиликтүү аткарган Бектемир Мамаюсупов "2013-жылдын супер актёру", ал эми фильмдеги Эриканын ролун аткарган Аида Тулебаева "2013-жылдын супер актрисасы" наамдарына ээ болушкан. Ошондой эле бул тасмага саундтрек катары жазылган ырчы Каныкей тарабынан аткарылган "Садагам" аттуу ыр "2013-жылдын супер саундтреги" деп аталган.

* 205 жыл мурун, 1805-жылы англиялык табият таануучу жана саякатчы, “адам маймылдан жаралган” деген теориянын автору Чарльз Дарвин Шрусбери шаарында врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле минералдардын,өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын коллекцияларын жыйнап, балык кармап, аң уулоого кызыккан. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле табияттын сырларын ачууга, канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилигин байкап үйрөнүүгө, билим алууга умтулган. Агасы экөө химия боюнча тажрыйбаларды жасашкан.

1825-жылы Дарвин Эдинбург университетинин медициналык бөлүмүнө кирген, бирок окуусун уланта алган эмес. Дин кызматчысын даярдай турган Кембург университетине кирип, аны 1831-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин саякатка жөнөп бара жаткан "Бигл" кемесине натуралист болуп орношкон.

Жер шарын айланып чыккан бул экспедиция 5 жылга созулган. Жашоо шарттарына жараша өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн алмашуусун байкоо менен геологиялык түзүлүштү, флораны жана фаунаны изилдеген ар түрдүү коллекцияларды Англияга жөнөткөн. Түштүк Америкадагы кырылып жоголгон жаныбарлардын калдыктарын изилдеп, азыркы убактагы жашаган жаныбарларга жакындыгын, түрлөргө окшоштугун болжолдогон. Антропология жана этнография боюнча эң көп байкоолорду жүргүзгөн.

Чарльз Дарвин эволюциянын негизги кыймылдаткыч факторлору тукум куугучтук, өзгөргүчтүк жана табигый тандалуу деп эсептеген.

Чарльз Роберт Дарвин 1882-жылы 19-апрелде 73 жаш курагында каза болгон.

* Мындан 205 жыл мурун, 1809-жылы Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти жана республикалык партияны негиздөөчүлөрдүн бири Авраам Линкольн Кентукки штатынын Гардинг округунда жашаган Томас жана Ненси Хэнкс Линкольндордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өз энеси эрте эле дүйнөдөн кайтып, өгөй энесинин колунда тарбияланган. Авраамга энеси китептерди көп окуткан, ошондон улам кийин Авраам замандаштарын көп китептерди окугандыгы жана керектүү учурда цитаталарды орундуу жана так келтирүүсү менен таң калтырган. Бала кезинде Авраам "темир уста болсом" деп тилек кылып, бирок анын мындай кыялы ишке ашкан эмес. Кийин ал токойдо карагай кыюучу, почта кызматкери, жер ченегич болуп иштеген. Бир жолу ал Миссисипи дарыясы боюнча түштүккө сапар тартып, ал жердеги кул базарда кара күчүн саткан адамдарды, жан багыш үчүн ач курсак менен акчанын кулу болгондорду, адамдык укук тебеленип, теңсиздиктин күч алганын көргөн. Ошондон тартып өмүр бою кулчулукту жоюуга, адамдардын көз карандысыздыгын камсыз кылып, теңсиздикти жок кылууга бүт күчүн жумшагысы келген. Ошондон улам ал юрист болуп, Иллинойс штатынын адвокаттар коллегиясынын мүчөлүгүнө кирет. Ушундан тартып Линкольндун чоң саясатка жолу башталган. Ошентип, Кентукки штатындагы карапайым эле фермерлердин уулу, бир кездеги токойдо жумушчу, жер ченегич жана башка кара жумуштарда иштеп жүргөн Линкольн укмуштуудай зор бийиктиктерди багындырууга даяр болгон. Америкалыктар аны "man who made him himself" - "өзүн-өзү жасаган адам" деп аташкан.

1854-жылга чейин Линкольн Американын саясий аренасында көрүнүктүү орунду ээлеген "Вигдер" партиясынын лидерлеринин бири болгон. Бирок кийин кулчулукка каршы чыккандыгы үчүн түштүктүн колдоосунан айрылып, партия таркап кеткен. Анын ордун республикалык партия ээлеп, 1860-жылы Линкольнду президенттикке талапкер катары көрсөтөт. Шайлоодо жеңип чыгып, 1861-жылы Линкольн өлкө башчы болуп шайланат да, ошондон тартып АКШнын тарыхындагы эң маанилүү окуя башталган.
"Чынчыл Эйб" (Линкольндун элдин арасындагы аты) президент болор замат анын кулчулукту жоюуга кылган иш-аракеттеринен улам түштүк штаттар өзүнчө бөлүнө башташкан. Линкольн коомдук ажырымга жол бербей, улуттун бир эл болуп сакталып калышына бүт күчүн жумшаган. Авраам Линкольндун тарых алдындагы эң башкы жетишкендиги - бул салгылашууну утуп, Америка элинин биримдигин сактап калганында. Ошондон кийин ал АКШнын Конституциясына көптөгөн кошумчаларды киргизип, кулчулукту түп-тамыры менен жойгон. Мындай ийгиликтерден кийин Линкольн экинчи президенттик мөөнөткө шайланган. Бирок анысы абдан тез аяктап, 1865-жылдын 14-апрелинде театрдын ичинде Жон Уилкс Бут аттуу актёрдун колунан ок жеп, ошол түнү дүйнөдөн кайткан.
Линкольн Американын тарыхында "улутту сактап калган президент" аталып, америкалыктардын пикирине караганда, ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналып келет.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан