13-февралда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -1°C, түнкүсүн -18°C
Талас облусу. Күндүз -1°C, түнкүсүн -19°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -1°C, түнкүсүн -13°C
Баткен облусу. Күндүз 0°C, түнкүсүн -12°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -2°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -30°C
Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -16°C
Эскертүү!
Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Нарын – Торугарт, Казарман – Ак-Тал-Чат, Баетов – Ак-Кыя, Арал – Миң-Куш унаа жолдорунда 12-13-февралда кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.