Жылнаама, 13-февраль: Мындан 2 жыл мурун УКМКнын СИЗОсунда Бишкек ШИИББинин кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат ачыкка чыккан 

* Мындан 74 жыл мурун, 1940-жылы кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, жазуучусу жана коомдук ишмери Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) туулган. 1992-1993-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган. Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" киностудиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген. Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишкен. Ошондон тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон. 2004-жылы ноябрда “Ата Журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири мурдагы элчи, мурдагы тышкы иштер министри жана өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева болгон).

Кыргыз элине “Акбаранын көз жашы”, “Махабат дастаны” сыяктуу бир нече тасмаларды калтырып кеткен кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда 69 жашында көз жумган.

* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы дүйнөнүн футбол боюнча 6 жолку мыкты калысы наамынын ээси Пьерлуиджи Коллина Италиянын Болонья шаарында туулган. "Бөтөн планетанын адамы" атка конгон легендарлуу италиялык калыс учурда (2014) УЕФАнын калыстар комитетинин жетекчиси.

 

*40 жыл мурун, 1974-жылы Армения жана Орусиянын шоумен, юморист жана телеалпаруучусу Гарик Мартиросян Армениянын борбору Ереван шаарында төрөлгөн. Гарик мектепти аяктаган соң өз каалоосу менен туулуп-өскөн Ереван шаарындагы Ереван мамлекеттик медициналык университетинин дарылоо факультетинин невропатология бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайды аяктап, кесиби боюнча үч жыл эмгектенген. 

Гарик Мартиросян 1993-жылдан тарта “Жаңы армяндар” деп аталган КВНчилер командасына кошулган. Өзүнүн тамашакөйлүгү, акылдуулугу, ойлоп тапкычтыгы менен тез эле бул топтун капитаны болууга да үлгүрөт. Гариктин Москвага келишинин бирден-бир себеби да КВН оюндары болгон. “Жаңы армяндар” командасы Жогорку Лигага 1996-жылы биринчи жолу катышып, Гарик бул жерден КВНдин “атасы” Александр Масляков менен таанышкан. Кийинки эле жылы бул команда Сочиде өткөн Жогорку Лиганын жеңүүчүсү болуп табылат. Таланттуулугу менен башкалардан айырмаланган Гарик Мартиросянды СССРдин КВНчилер курама командасына чакырышкан жана бул топ аркылуу белгилүү юморист теледүйнөсүнө аралаша баштайт. Көп өтпөй КВН оюндары аркылуу жүзү элге бир аз да болсо таанымал боло түш­көн Гарик СТС каналында Игорь Угольников менен биргеликте “Кутмандуу кечиңиздер менен” деген ток-шоу берүүсүн алып барат. Ушундан кийин өзүнүн кү­чү­нө ишенген телеалпаруучу элдин көңүлүн көтөргөн өзүнүн автордук тамашалуу теледолбоорун түзүүнү пландаштырган. Жыйынтыгында 2003-жылы көпчүлүк сүйүп көргөн тамашалуу “Comedy Club” берүү­сү пайда болгон. Гариктин өзүнүн айтымында, бул теледолбоордун экранга чыгышына 

Максим Галкиндин жана Валдис Пельштин берген жардамдары чоң. 

 

*Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы УКМКнын СИЗОсунда кызматтык кылмышы үчүн кармалып отурган Бишкек ШИИББинин кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат ачыкка чыккан. 

11-февраль күнү Бишкек шаардык прокуратурасына Дмитрий Смирнов деген жарандан арыз келип түшкөн. Арызда Смирнов жол кырсыгын жасап, ушуга байланыштуу Айбек Эшбаев пара талап кылгандыгы айтылган. Анын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы менен Каржы полициясынын кызматкерлери Айбек Эшбаевди кармашкан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза болгон МАИ кызматкери Айбек Эшбаев 100 доллар пара алгандыгы үчүн айыпталган. 
Айбек Эшбаев 1996-жылдан бери ички иштер кызматында, анын ичинде акыркы 15 жыл МАИ кызматкери болгон.

Жылнаама толугу менен бул жакта ...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан