* 14-Февраль - Ыйык Валентин күнү христианчылыкта чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда бул майрам биздин замандын 3-кылымында негизделген деп айтылат. Рим императору Клавдий "эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда" деп бардыгына үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюусун уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн. Ошондон баштап Валентиндин урматына 14-Февраль Сүйүү күнү деп белгиленип калган.
* Мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын башкы машыктыруучусу, “Бээжин-2008” Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Даңк медалынын ээси Канатбек Бегалиев Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Эл аралык класстагы спорт чебери. 2013-жылы карьерасын жыйынтыктап, курама команданын машыктыруучусу болуп дайындалган.
* 26 жыл мурун, 1988-жылы футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана мадриддик "Реалдын" жарым коргоочусу Анхель Фабиан Ди Мария Эрнандес Аргентинанын Росарио шаарында төрөлгөн. 2008-жылы 8-августтан 24-августка чейин Пекинде болуп өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында алтын медалга ээ болгон. Ал эми 2007-жылы жаштар арасында футбол боюнча Дүйнө чемпиону болгон.
* Мындан 27 жыл мурун, 1987-жылы орусиялык ырчы жана актриса Ю́лия Са́вичева Орусиянын Курган шаарында туулган. Юлия 5 жашынан эле хореографиялык "Светлячок" деген аталыштагы коллективде ырдап жүргөн. Биринчи жолу 4 жашында чоң сахнага Макс Фадеевдин "Конвой" деген рок-группасы менен чыккан. Юлияны элге тааныткан ырлары "Корабли" жана "Высоко". "Высоко" деп аталган ыры 2003-жылы "Песня года-2003" фестивалынын финалына чыккан. Орусиянын эстрада ырчысы Юлия "Фабрика звёзд-2" теледолбоорунун жана "Евровидение-2004" сынагынын катышуучусу.
Жылнаама толугу менен бул жакта ...