Жылнаама, 15-февраль: Мындан 1 жыл мурун Турсунбай Бакир уулунун журналистке кол көтөргөндүгү тууралуу маалыматтар резонанс жараткан

*Мындан 450 жыл мурун, 1564-жылы италиялык окумуштуу, физик, астроном, механик жана табият илимине негиз салган Галилео Галилей Пиза шаарында туулган. Ал Аристотель, Евклид, Архимеддин эмгектеринен таалим алган. Металл куймаларынын курамын тез аныктоо жана фигуранын оордук борбору жөнүндөгү геометриялык изилдеөлөрү үчүн гидростатистикалык тараза жасаган. 1589-жылы Пизадагы, ал эми 1592-жылы Падуэ математикалык кафедраларын жетектеп, илимий иш жүргүзгөн.
Окумуштуу, ойлоп табуучунун чыгармачылыгы 1592-1610-жылдары өтө күчтүү өнүккөн. Ушул жылдарда ал нерсенин эркин, жантык, тегиздик боюнча түшүшү, горизонтко бурчу боюнча ыргытылган нерсенин кыймылы, маятниктин изохрондуу термелиши жөнүндөгү эмгектерин жараткан. Илимпоз өзүнүн илимий окууларын туура жүргүзүү менен Коперниктин теориясынын тууралыгын ырастаган. 
1633-жылы динчилдер окумуштууну соттошуп, коркутушуп, окуусунан баш тарттырышкан. Галилей Коперниктин окуусун аягына чейин жактаган. Улуу окумуштууну өмүр бою эч жакка чыгарбоого аргасыз кылып, тыюу салса да, механика тармагы боюнча улам жаңы ачуулары менен илимдин өнүгүшүнө салым кошкон. Динчилдердин куугунтуктоосуна карабастан, Галилей илимий көз караш үчүн күрөшүүчүлөрдүн эң көрүнүктүүсү болуп түбөлүк кала берген. Ал 1642-жылы 8-январда Арчетриде дүйнөдөн кайткан.
*Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылы 9 айга созулган советтик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу операциясы аяктаган. Аму дарыясындагы “Достук” көпүрөсү аркылуу акыркы советтик БТР танкы өтүп, акыркы совет жоокери СССРдин аймагына кирип келген.
1979-жылы СССРдин аскер бөлүктөрү Ооган жерине кирип барган. Максаты жаңы түзүлгөн Ооган өкмөтүн моджахеддерден коргоо, укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү болгон. 10 жылга созулган согушка 1 миллионго жакын советтик аскер катышып, 20 миңдейи каза тапкан. 30 миңдей жоокер жаракат алып, майып болушкан. 1 миллиондой ооган эли кырылган. 

*Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы  “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутат Турсунбай Бакир уулунун “акыйкатчы болбогонуңуз жакшы болуптур” деп сын айткандыгы үчүн журналист Эрик Исраиловго кол көтөргөндүгү тууралуу маалыматтар резонанс жараткан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан