Аба ырайы, 16-февраль: Кыргызстандын айрым райондорунда түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт

16-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетет.

Чүй облусу. Күндүз 0°C, түнкүсүн -15°C

Талас облусу. Күндүз -1°C, түнкүсүн -16°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -13°C

Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -10°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -9°C

Нарын облусу. Күндүз -15°C, түнкүсүн -27°C

Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -10°C

Эскертүү!

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Нарын – Торугарт, Казарман – Ак-Тал – Чат, Баетов – Ак-Кыя, Арал – Миң-Куш унаа жолдорунда 15-февралдан 17-февралга чейин кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан