Жылнаама, 16-февраль: Мындан 446 жыл мурун Испанияда дин өкүлдөрүн суракка алуучулар Нидерландынын бардык тургундарына өлүм өкүмүн чыгарган

*Мындан 446 жыл мурун, 1568-жылы католицизмдик динди таза сактап калуу үчүн Испания инквизицияны баштаган. Инквизиция - башка диндин өкүлдөрүн же ерестерди суракка алуу. Ал кезде Нидерланды Испаниянын башкаруусунда болчу. Испания көп чектөөлөрдү коюп койгон (мисалы, Англия менен соода кылууга). Ошол маалда Нидерландыда протестантизм күч алган. Протестантизм католицизмден айырмаланчу. Католиктер аларды куугунтукташкан. Католицизмдик Испания Рим Папасынын колдоосунун кепилдигин алып, еретиктерди кыра баштаган. Ансыз да көп чектөөлөрдөн улам жини келип турган эл бунт чыгарып, көптөгөн жоготуулар болгон. Нидерландынын тургундарынын баары оңолгус еретиктер деп эсептелинип, испан инквизициясы баарына өлүм өкүмүн чыгарган.

* Мындан 69 жыл мурун, 1945-жылы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1960-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1963-жылдан баштап Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы К.Орозов атындагы Мамлекеттик оркестрде иштеген. 1970-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Улуттук филармониянын солисткасы жана комузчусу. 

1975-жылы Самара Токтакунова алгачкы жеке концертин берген. Ал Нью-Йорктогу (АКШ) "Метрополитен опера", Париждеги (Франция) "Олимпия" аттуу дүйнө жүзүнө атагы чыккан театрларда эл астына чыгып, комузду жана кыргыз элинин мурасын көпчүлүккө тааныткан. Самара Токтакунова Гаванадагы (Куба) 11-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Москвадагы 12-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 1977-жылы Самара Токтакуновага Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1988-жылы СССРдин Эл артисти наамдары ыйгарылып, 1995-жылы Даңк медалы менен сыйланган. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессор наамын алган. Ошондой эле III даражадагы Манас ордени, БИМУ (Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму) медалы, Достук медалы, М.Ауэзовдун алтын медалы жана Астана медалы, "Эмгек кайраттуулугу үчүн" Молдова Республикасынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

1993-жылдан баштап Кыргыз улуттук консерваториясында жаш муундарды тарбиялап иштейт. Самара Токтакунова Нокс-Фильт (АКШ) шаарынын ардактуу жараны.

* Мындан 180 жыл мурун, 1834-жылы германиялык табият таануучу жана философ, “экология”, "филогенез", "питекантроп" терминдеринин автору Эрнст Геккель туулган. Берлин, Вюрцбургск жана Вена университеттеринде медицина жана табият илимдерин окуган. 1958-жылы экзамен тапшырып, врачтын дипломун алган, бирок бул тармакта такыр иштеген эмес. Аны жаратылышты изилдөө, зоология жана микроскопиялык анатомия кызыктырган. Италияга экспедицияга аттанып, Амичи аттуу оптиктен эң күчтүү микроскоп алат. 

Дарвиндин идеялары ага чоң таасир берген. 1866-жылы "Организмдердин жалпы морфологиясы" аттуу китеби чыгат. 1874-жылы чыккан "Адамдын өнүгүшүнүн тарыхы" аттуу китебинде адамдын эволюциясынын көйгөйлөрү тууралуу жазылган.

Геккель биринчи болуп жаныбарлар падышалыгынын генеалогиялык багын түзгөн. 

 

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан