*Мындан 81 жыл мурун, 1933-жылы кыргыз улуттук адабиятынын башында тургандардын бири, демократ акын
Токтогул Сатылганов 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.
Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул Токтогул Сатылганов 1864-жылы Ош облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. Он үч жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгачкы ырлары катары "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" өңдүү чыгармаларын айтууга болот. Кийинчерээк акын "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен-калпаларды сындаган көп ырлары бар. 1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган, анда жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" сыяктуу ырлары чыккан. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим, аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырларды жараткан. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган. Токтогул - айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган.
*Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Филиппиндин Түштүк Лейт провинциясында 10 күн тынбай нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен ири көчкү жүргөн. Көчкү 1126 кишинин өмүрүн алып кеткен.