Жылнаама, 18-февраль: Мындан 498 жыл мурун тарыхта “Кандуу Мэри” деп аталып калган англиялык ханыша Мария I Тюдор туулган

*Мындан 498 жыл мурун, 1516-жылы тарыхта “Кандуу Мэри” деп аталып калган англиялык ханыша Мария I Тюдор туулган. Бул ханышага мекенинде бир да эстелик тургузулган эмес (күйөөсүнүн туулган жери Испанияда Мариянын эстелиги орнотулган). Анын аты өлүм жазасына тартуулар менен бирге айтылып келет. Ал эми ханышанын каза болгон күнүн өлкөдө улуттук майрам катары да белгилеп келишкен. 

37 жашында такка отурган Мария 16 жаштагы Жейн Грейди, анын күйөөсү Гилфорд Дадлини жана кайнатасы Жон Дадлини өлүм жазасына тарткан. Катаал мүнөздүү ханыша өзүнүн кастарын бат эле доско айлантып алган. Мамлекетке католиктик ишенимди киргизип, монастрларды кайрадан оңдоону буюрган. Ал бийликте турган учурда протестанттардын басымдуу бөлүгү өлтүрүлгөн. 1555-жылы Англияда от жагылып, жалпысынан 300дөй адам өрттөнгөн. Алардын катарында иерархия өкүлдөрү, протестанттар болгон жана оттун жанында католик ишенимин кабыл алам дегендерге да ырайым кылынган эмес. 

Мына ушулардын негизинде ханыша Елизавета I тактыга отурган соң анын эжесине “Кандуу Мэри” деген лакап ат ыйгарылган. 1557-жылы калтыратма илдети Европаны каптай баштаган. 1558-жылы бул ооруга Мария да чалдыккан. Оорусу күчөгөн Кандуу Мэри ошол жылы кеч күздө көз жумган. Анын сөөгү Вестминстерге коюлган. 1603-жылы көз жумган Елизавета да эжесинин жанына жерге берилген. Азыркы убакка чейин эже-сиңди жаткан жерде Елизаветанын гана эстелиги турат.

 

*Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы Сахара чөлүндө кар жааган. Аба ырайынын мындай өзгөрүшү бул жерде дээрлик катталган эмес. Жамгыр аралаш кардын жаашы Алжирдеги автоунаалардын жүрүүсүн токтоткон. Окумуштуулар бул көрүнүшкө бир тараптуу жооп табышкан эмес. Бирок алар Жер жүзүндөгү климаттын өзгөрүп турушу демейдеги көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Алсак, палеолит мезгилинде (б.з.ч. 10 миң жыл мурун) чөлдүн орду нымдуу аймак болгону аныкталган. Дарыялар агып, жаныбарлар байырлаган жана адамдар күнүмдүк тирилигин өткөрүп келишкен. 

*Бир жыл мурун, 2013-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти Аманбек Нуртазин 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал “Евгений Онегин” операсында Ленскийдин, “Отеллодо” Кассионун, “Манаста” Сыргактын, “Айчүрөктө” Күлчоронун, “Олжобай менен Кишимжанда” Олжобайдын жана башка көп чыгармаларда башкы каармандын ролун жараткан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан