19-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +3°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +1°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн +2°C
Баткен облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C
Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн +1°C
Эскертүү!
18-февралдан 21-февралга чейинки күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Нарын – Торугарт, Казарман – Ак-Тал – Чат, Баетов – Ак-Кыя, Арал – Миң-Куш унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.