Жылнаама, 20-февраль: Мындан 11 жыл мурун АКШдагы клубдан чыккан өрттөн 100 адам набыт болгон

*Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы АКШнын Уэст-Уорик шаарынын "Station" клубунда концерт болуп жаткан учурда атылган фейерверктен улам өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 100 киши каза болуп, 230 адам жаракат алган.

  
*Бир жыл мурун Бишкек шаарындагы "Сейтек" балдар борборунда “Ажыдаардын төрөлүшү” аттуу ушу чеберчилиги боюнча фестиваль башталган. Анда 5 жаштан 70 жашка чейинки 300дөй спортчу ушу боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашкан.
*Барбадостук ырчы Рианна 26 жыл мурун, 1988-жылы Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Рианнанын толук аты - Робин Рианна Фенти. Атасы Рональд Фенти Барбадос аралынын тургуну болгону менен, анда ирланд каны бар. Апасы Моника Түштүк Америкада жайгашкан Гайана мамлекетинде төрөлүп-өскөн. Рианнанын чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Ырчынын “SOS” деген ыры чыгары менен хит-параддардын алдынкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштайт. Анын дал ушул ыры “Nike” деген компаниянын жарнамасында жаңырган. Андан көп өтпөй “Music Of The San” деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тараган. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөрөт. Ал эми экинчи романтикалуу “If Its Loving That You Want” аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алган. Өзгөчө “You Don’t Love Me No,No,No” деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан