Аба ырайы, 21-февраль: Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт

21-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Тоолуу аймактардын унаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн +1°C

Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн +2°C

Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн +1°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -19°C

Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -2°C

Эскертүү!

23-25-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо абдан катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөп, мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 21-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан