* 1919-жылы, мындан 95 жыл мурун Түркстан Коммунисттик партиясынын Жети-Суу съезди ишин баштаган.
* 1935-жылы, мындан 79 жыл мурун Москвада алгачкы Эл аралык кинофестиваль ачылган.
* Мындан туура 41 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1973-жылы Израилдин Аба аскер күчтөрү ливиялык жүргүнчүлөрдү ташуучу Боинг 727 учагын атып түшүргөн. Натыйжада 108 адам каза болгон.
* ЮНЕСКО эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды Эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен.
* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева төрөлгөн.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы “Хаббл” космостук телескобу тарабынан белгисиз типтеги SCP 06F6 астрономиялык объект ачылган. Илимде ушул күнгө чейин ал эмне экени аныктала элек.