Аба ырайы, 22-февраль: Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаайт

22-февралда өлкө боюнча түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн +1°C

Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн +2°C

Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн +1°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -19°C

Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -2°C

Эскертүү!

23-25-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо абдан катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөп, мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 21-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан