А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театры
«Жизель» аталышындагы эки көрүнүштөгү балет саат 17:00дө башталат.
Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры
Николай Марусичтин (актёр, акын жана музыкант) элесине арналган концерт саат 18:00дө башталат.
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония
КРнын Эмгек сиңирген артисти Замира Мавлянованын жеке концерти өтөт. Кичи залда саат 17:00дө башталат.
Чыңгыз Мырзаев менен Рустам Сагыналиевдин концертти чоң залда саат 18:30да башталат.
Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи
"Япон куурчактары" аттуу көргөзмө өтүүдө. Күн сайын 14-мартка чейин уланат
Улуттук китепканада күн сайын тартуулануучу көргөзмөлөр
- Мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун 120 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү;
- Англиялык окумуштуу Чарльз Дарвиндин 205 жылдыгына карата көргөзмөгө окумуштуунун өмүр таржымалы, эволюция боюнча теориясы тууралуу материалдар коюлган.
- СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдыгына карата көргөзмө;
- Немец композитору, пианист, дирижёр Феликс Мендельсондун 205 жылдыгына карата көргөзмөдө анын чыгармалары, жазган ноталары коюлган.
- Коомдук ишмер Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына карата “Өчпөс из калтырган инсан” аттуу көргөзмө;
- Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына карата «Ак таңдай акын, чебер комузчу Арстанбек” аттуу көргөзмө;
- Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган “Манастын сырдуу дүйнөсү” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат.