23-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -8°C
Талас облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -8°C
Баткен облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -20°C
Бишкек шаары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -5°C
Эскертүү!
21-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.