Бишкектеги И.Панфилов атындагы сейил бак
Коргоо министрлигине караштуу Армиянын борбордук үйүнүн артисттери тарабынан концерттик программа тартууланат. Иш-чара саат 11:00дө башталат.
Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театры
«Егорка-фантазёр» көрүнүшү саат 11:00дө орус тилинде коюлат.
«Капка түшүп кармалдык» аттуу спектакль кыргыз тилинде 12:00дө башталат.
Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры
«Бальзаминовду үйлөнтүү» комедиясы саат 18:00дө башталат.
Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи
"Япон куурчактары" аттуу көргөзмө өтүүдө. Күн сайын 14-мартка чейин уланат
Улуттук китепканада күн сайын тартуулануучу көргөзмөлөр
- Мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун 120 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү;
- Англиялык окумуштуу Чарльз Дарвиндин 205 жылдыгына карата көргөзмөгө окумуштуунун өмүр таржымалы, эволюция боюнча теориясы тууралуу материалдар коюлган.
- СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдыгына карата көргөзмө;
- Немец композитору, пианист, дирижёр Феликс Мендельсондун 205 жылдыгына карата көргөзмөдө анын чыгармалары, жазган ноталары коюлган.
- Коомдук ишмер Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына карата “Өчпөс из калтырган инсан” аттуу көргөзмө;
- Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына карата «Ак таңдай акын, чебер комузчу Арстанбек” аттуу көргөзмө өтүүдө.
- Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган “Манастын сырдуу дүйнөсү” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат.