24-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, айрым жерлерде 19-24 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -20°C
Талас облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -22°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -9°C, түнкүсүн -16°C
Баткен облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -15°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -12°C
Нарын облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -25°C
Бишкек шаары. Күндүз -7°C, түнкүсүн -18°C
Эскертүү!
23-25-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.