Жылнаама: 24-февраль, мындан 4 жыл мурун белгилүү обончу Жолдошбек Мамажанов каза болгон

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы белгилүү обончу Жолдошбек Мамажанов Кадамжайда, ооруканада 58 жаш курагында каза болгон. Ал “Сүрөтүңө”, “Жазым, келчи”, "Сагындым", "Өмүр өтөт, жаштык өтөт" сыяктуу көптөгөн белгилүү обондордун автору. 

 

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте эрежесиз эр уруштун вале тудо версиясы боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктаган. Анда республиканын бардык региондорунан 400дөн ашык мушкер келип, 38 комплект медаль ойнотулган. Мелдеш балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өткөн. Чоңдор арасында 9 салмак категориясы боюнча тиреш жүрүп, чемпиондор аныкталган. Командалык эсеп боюнча 1-орунду мелдешти өз үйүндө өткөргөн "Боец" клубу алган. Ал эми салмак категориялар боюнча Азат Анарбай уулу («Боец», 55 килограмм), Нурбай Мурзалиев («Боец», 60), Канат Келдибеков (Нарын, 65), Актилек Жумабек уулу («Боец», 70), Самат Эмилбеков («Боец», 75), Арзыбек Мирзаев («Жаш күч», 80), Нурбек Турсуналиев (КРнын Улуттук гвардиясы, 85), Азирет Турдубек уулу («Жаш күч», 90), Улукбек Талантбек уулу (Токтогул, 90дон жогору) алтын медаль тагынышкан.

 

* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобс Калифорния штатынын Маунтейн Вью шаарында туулган. Стив жыйырмага чыга электе буддизмге кызыгып, Индияга барып келет. Калифорнияга кайтып келген соң ошол кездеги эң алдынкы компьютердик оюндарды чыгарган “Атари” компаниясына ишке кирет. Бирок Возняк досу менен 1975-жылдан баштап жеке компьютерлерди чыгарууга бел байлайт. Алгачкы капиталды чогултуу үчүн экөө тең эң баалуу нерселерин сатып, Стив Жобстун гаражында иш башташат. Возняк, чындыгында, электроника тармагында гений болгон. Бирок көптөгөн адистердин айтымында, эгер Жобс болбосо, анын ойлоп тапкан буюмдары текчеде эле чаң басып калмак. Ошентип, алар “Эппл” компаниясын негиздеп, алгачкы “Эппл-1” компьютерин чыгарышат. 1977-жылы элге тартууланган бул жаңы компьютер бардыгын таң калтырат. 1980-жылга чейин экөө 120 миңдей компьютер сатууга жетишишет. Стив Жобс жеке компьютерлердин революциясын жасаган адам катары тарыхта калат.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан