Аба ырайы, 25-февраль: Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт

25-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -20°C

Талас облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -18°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -14°C

Баткен облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -15°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -14°C

Нарын облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -25°C

Бишкек шаары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -18°C

Эскертүү!

24-26-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан