Афиша, 26-февраль: Бишкекте Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасы коюлат

Спорт Ордосу

Жаштар арасындагы бокс боюнча мелдеш уланат. Анда 1996-1997-жылдары туулган уландар күч сынашат.

Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи

Бал жарманкеси уланып жатат.

"Япон куурчактары" аттуу көргөзмө өтүүдө. 14-мартка чейин уланат.

Кыргыз улуттук драма театры

Токтоболот Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасы. Башталышы 18:00.

А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана (күн сайын тартуулануучу көргөзмөлөр)

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун 120 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү.

Англиялык окумуштуу Чарльз Дарвиндин 205 жылдыгына карата көргөзмөгө окумуштуунун өмүр таржымалы, эволюция боюнча теориясы тууралуу материалдар коюлган.

СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдыгына карата көргөзмө.

Немец композитору, пианист, дирижёр Феликс Мендельсондун 205 жылдыгына карата көргөзмөдө анын чыгармалары, жазган ноталары коюлган.

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган “Манастын сырдуу дүйнөсү” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат.

“Кыргыз киносу” кинотеатры

Чоң зал

“Алдамчы Jackie” (комедия), 10:50.

“Талисман” (романтикалык комедия), 12:20, 16:30, 21:00.

“Көк салкын-2″ (комедия), 14:20, 18:40, 23:00.

Кичи зал

“Көк салкын-2″ (комедия), 11:10, 17:30. 

“Алдамчы Jackie” (комедия), 13:40, 20:00. 

“Талисман” (романтикалык комедия), 15:20, 22:00. 

Билеттин баасы 100 сомдон 150 сомго чейин болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан