Жылнаама: 26-февраль, мындан 64 жыл мурун Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жарык дүйнөгө келген

*1936-жылдын дал ушул күнү Фольксваген үлгүсүндөгү унааларды чыгаруучу алгачкы завод ишке кирген. 2007-жылы 5 миллиондон ашык унаа сатылганы белгилүү. Ишкананын башкы кеңсеси Вольфсбург шаарында жайгашкан.

*Мындан 64 жыл мурун Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев жарык дүйнөгө келген. Ат-Башы районунда жол кызматкеринин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Акынга 2010-жылы III даражадагы Манас ордени жана 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык берилген.

*1954-жылы 26-февралда Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган жарык дүйнөгө келген. Ал 2007-жылы шайлоочулардын 46,6 пайыз добушу менен өкмөт башчы болуп шайланган.

*Мындан 7 жыл мурун Эл аралык “Манас” аэропортунун алдында президентти тейлөөчү “Эйр Манас” авиакомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигине Эрик Акматов дайындалган.

*2013-жылдын бул күнү Египеттин Луксор шаарында аба шары өрттөнүп кеткен. Анда 19 киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алган. Шар абада өрттөнүп, жерге кулап түшкөн. Каза болгондордун көпчүлүгү туристтер болушкан. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан