27-февралда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 19-24 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -20°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -20°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -11°C
Баткен облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -12°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -15°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -27°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -17°C
Эскертүү!
26-28-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.