Афиша, 27-февраль: Т.Касымбеков жана К.Сактановдун “Курманжан датка” драмасы коюлат

Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейи

27-февралда Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү М.Мануйлованын 120 жылдыгына арналган иш-чара болот. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев катышат. Башталышы 13:00.

27-февралда "Япон куурчактары" аттуу көргөзмө уланат.

Кыргыз улуттук драма театры

27-февралда Т.Касымбеков жана К.Сактановдун “Курманжан датка” драмасы коюлат. Башталышы 18:00.

Улуттук китепкана

27-февралда кытай адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Лао Шэнин 115 жылдыгы белгиленет. Анда анын чыгармалары, фото-сүрөттөрү коюлат. Башталышы 10:00.

Күн сайын тартуулануучу көргөзмөлөр:

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековдун 120 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү.

Англиялык окумуштуу Чарльз Дарвиндин 205 жылдыгына карата көргөзмөгө окумуштуунун өмүр таржымалы, эволюция боюнча теориясы тууралуу материалдар коюлган.

СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдыгына карата көргөзмө.

Немец композитору, пианист, дирижёр Феликс Мендельсондун 205 жылдыгына карата көргөзмөдө анын чыгармалары, жазган ноталары коюлган.

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган “Манастын сырдуу дүйнөсү” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү орун алат.

“Кыргыз киносу” кинотеатры

Чоң зал

“Алдамчы Jackie” (комедия), 10:50.

“Талисман” (романтикалык комедия), 12:20, 16:30, 21:00.

“Көк салкын-2″ (комедия), 14:20, 18:40, 23:00.

Кичи зал

“Көк салкын-2″ (комедия), 11:10, 17:30. 

“Алдамчы Jackie” (комедия), 13:40, 20:00. 

“Талисман” (романтикалык комедия), 15:20, 22:00. 

Билеттин баасы 100 сомдон 150 сомго чейин болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан