Жылнаама, 28-февраль: Мындан 67 жыл мурун "Советтик Кыргызстан" аттуу даректүү тасма көрсөтүлө баштаган

*Мындан 67 жыл мурун, 1947-жылы Пишпектин кинотеатрларында “Советтик Кыргызстан” аттуу документалдык тасма көрсөтүлө баштаган. Даректүү тасманы Аалы Токомбаев менен Михаил Слуцкий тартып, анда кыргызстандык Кийизбаева, Шопокова, Асанов сыяктуу каармандар большевиктик партия менен Сталиндин саясатын даңкташкан.

*Бир жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте каратэнин кёкусинкай түрү боюнча Өлкө чемпиондугу болуп өткөн. Чемпиондукка Кыргызстандын аймактарынан жана Бишкек шаарынан 7 жаштан жогорку 100 спортчу катышкан. Жыйынтыгы менен Нурдөөлөт Уран уулу, Бакыт Талгат уулу, Артур Тен, Валентина Благодарова, Урмат Ибраев жана Эсенгул Сатарбеков жеңүүчү аталышкан. Жалпысынан бул каратэ мелдешине 22 сыйлык коюлган.
*Мындан 34 жыл мурун, 1980-жылы орусиялык комедиялык актёр, “Комеди клаб” теледолбоорунун катышуучусу Игорь Харламов Москвада туулган. Игорь Харламов көпчүлүккө Гарик Бульдог Харламов деген ысым менен таанымал болгон. Ал КВНде Москванын "МАМИ" курама командасында жана "Незолотая молодёжь" командаларында ойноп, кийин “Комеди Клаб” юмор долбооруна кирген. Андан сырткары "Муз-ТВда" "Три обезьяны" программасын, "Офис" реалити-шоусун жана "Бульдог-шоулорун" алып барган жана бир нече комедияларда роль жараткан.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан