Жылнаама, 1-март: Мындан 36 жыл мурун Швейцарияда Чарли Чаплиндин сөөгү уурдалган

*1978-жылдын дал ушул күнү Швейцарияда Чарли Чаплиндин сөөгү уурдалган. Андан соң кылмышкерлер актёрдун туугандарынан акча талап кылышкан. Бирок көп өтпөй полиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармашып, Чарли Чаплиндин сөөгү 17-майда кайра жерге коюлган. 
*1990-жылдын 1-мартында ырчы Аваз Акимов жарык дүйнөгө келген. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун кулуну. Элге “Айганыш” деген ыры менен таанылып, учурда көптөгөн ырлардын автору.   
*Мындан 20 жыл мурун америкалык белгилүү ырчы Жастин Бибер жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы анын "Бир мезгилде" ("One time") аттуу альбому жарыкка чыгып, дароо хитке айланган. 30дан ашуун өлкөгө жайылган бул альбому Жастиндин чыгармачылыгына чоң стимул боло алды.

*Мындан 3 жыл мурун Бишкек шаарындагы “М-Вектор” иликтөө-консалтинг компаниясы өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын рейтингин жарыялаган. Анда "Супер-Инфо" гезити 3 тармак боюнча гезит-журналдар арасында 1-орунду алган. Сурамжылоого катышкан адамдардын 63,9 пайызы "Супер-Инфо" гезитин окуй тургандыктарын айтышкан. Буга байланыштуу аталган гезит "Кыргызстандагы эң көп окулган гезит" деп табылган. Мындан сырткары окурмандардын 48 пайызы “Супер-Инфо” сүйүктүү гезити экенин билдиришкен. Ал эми окурмандардын 32,7 пайызы "Супер-Инфо" гезити маалыматтарды так жазат деп эсептеген. Сурамжылоого 2400 адам катышкан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан