Жылнаама, 2-март: Мындан 357 жыл мурун Япониянын Эдо шаарында чоң өрт башталган

*1657-жылдын дал ушул күнү Япониянын Эдо шаарында чоң өрт башталган. Өрттү өчүрүү 3-күнгө созулуп, шаардын 70 пайызы күйүп калган. Ошондой эле 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.     
*1831-жылдын 2-мартында орус акыны Александр Пушкин менен Наталья Гончарова баш кошкон. Ал учурда Пушкин 31 жашта, Наталья 18 жашта болгон. “Большое Вознесение” чиркөөсүндө алар бири-бирине шакек салып жаткан маалда Пушкиндин шакеги жерге түшүп, андан соң шам өчкөн. Буга акын "Жаман жышаан, баары бүттү!" деген. 
*1990-жылдын бул күнү ырчы Жаным Айзат жарык дүйнөгө келген. Аны репертуарындагы “Сүйдүм сени”, “Махабат аллеясы” аттуу ырлары элге тааныткан.

*Мындан 22 жыл мурун Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Чечим добуш берүүсү жок, бардык өлкөлөрдүн жактыруусуна ылайык чыгарылып, ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун имаратына салтанат менен көтөрүлгөн.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан