4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -9°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -10°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +15°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -24°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -8°C
Эскертүү!
3-марттан 7-мартка чейин абанын температурасы жогорулагандыгына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Казарман – Ак-Тал – Чат, Баетов – Ак-Кыя, Арал – Миң-Куш унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.