Аба ырайы, 5-март: Республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

5-мартта республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн -8°C

Талас облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -8°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +2°C

Баткен облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +2°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -23°C

Бишкек шаары. Күндүз +11°C, түнкүсүн -6°C

Эскертүү!             

4-марттан 7-мартка чейин абанын температурасы жогорулагандыгына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Казарман – Ак-Тал – Чат, Баетов – Ак-Кыя, Арал – Миң-Куш унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан