Жылнаама, 6-март: 11 жыл мурун Кыргызстандын II Курултайы өткөрүлгөн

112 жыл мурун, тактап айтканда, 1902-жылы мадриддик “Реал” футболдук клубу негизделген. Ошондо жаңы түзүлгөн командасына ага-ини Падрос менен Хулиан Паласиостор “Мадрид футбол клубу” деген ат коюшкан. “Реал” деген аталышына 1920-жылы Испаниянын падышасы Альфонс XIII “Падышалык клуб” наамын ыйгаргандан кийин ээ болгон (“real” сөзүн испанчадан которгондо “падышалык” дегенди билдирет. Ал латынча “regalis” – “падышалык” деген сөздөн келип чыккан).  

1967-жылы (47 жыл мурун) КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун жана борбордогу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №69-мектеп-гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. “Ысык-Ата - Арашан” фольклордук ансамблинин жана Бишкек мэриясынын алдындагы оркестрдин солисткасы. Сахнага алгач К.Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан. 2008-жылы май айында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алган. Ал эми 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын жаңырыгы" деп табылган.

* 30 жыл мурун, 1984-жылы КВНчи, шоумен, тамада Улан Барпиев туулган. Ал Таластын Шекер айылында туулуп, Бишкектеги №36-мектепти аяктаган. Улан Барпиев университетте окуп жүрүп КВНде ойноп калган. Окуусун аяктагандан соң "Мегаком" компаниясына кирип, ал компаниянын атайын иш-чаралар боюнча башкы адиси болуп эмгектенип келет. Андан сырткары Улан Барпиев өзүн актёр катары сынап, казак, өзбек жылдыздары катышкан "Туман" аттуу тасмада роль жараткан. Ошондой эле спорт менен тыгыз машыгып, футболду мыкты ойнойт. "Супер-Инфо" гезити 2012-жылы уюштурган "Суперфутболдо" мырзалар арасындагы мелдеште эң көп гол киргизген "мегакомчу" Улан Барпиев "Мыкты футболчу мырза" болуп табылган.

* 1991-жылы (23 жыл мурун) Украинада Улуттук Олимпиада комитети түзүлгөн.

* 2003-жылы (11 жыл мурун) Бишкекте Кыргызстандын II Курултайы өткөрүлгөн. Ал "Кыргыз мамлекеттүүлүгү - тынчтыктын жана туруктуулуктун жылы" деген ураан менен белгиленип, мекендин чыныгы патриоттору жана прогрессивдүү күчтөрүнүн башын бириктирүү максатын көздөй турганын жар салган. Курултайга Кыргызстан калктарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамаат, бейөкмөт уюм, саясий партиялар жана мамлекеттик бийлик органдарынан чакырылган 600 чамалуу делегат катышкан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан