Гүлнара Шамшиева, "Бай-Түшүм" банкынын башкы менеджери: "Математикадагы элементардык нерселерди билбеген дипломдуу кадрлар ишке орношуу үчүн келишет"

«Бай-Түшүм» банкы бүгүнкү күндө 32 миңден ашык кардарды тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы 6 ири банктын катарына кирет. Чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барып, банк Кыргызстандын калкына каржы жагынан кызмат көрсөтүү аймагын кеңейтип келет. Аймакта биринчи микрофинансылык банк катары «Бай-Түшүм» банк системине ишеним деңгээли менен каржы секторунун тазалыгын көтөрүүгө өбөлгө түзүүдө. Учурда банктын филиалдык тармагы 7 филиалдан, 45 сактык кассадан жана 11 өкүлдүк кеңселерден турат. Мындай деңгээлге жетүүдө жетекчилик тараптан чоң эмгек талап кылынары бышык. Эрктүү, максаттуу, көшөргөн жана талапты катуу койгон адам, өзүнө тартып туруучу харизмасы жана аялдык өнүккөн прагматизми бар айым Шамшиева Гүлнара Жаманкуловна 2001-жылы "Бай-Түшүм" банкынын башкы менеджери болуп дайындалган. Ийгиликтүү ишкер айымдардын катарын толуктаган жетекчи өзүнүн ийгиликке жеткендеги сыры менен бөлүштү.

Туулган жылы, күнү – 1961-жыл, 22-октябрь.

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак шаарчасы.

Билими – Фрунзе политехникалык институтунун коомдук тамактануунун технологиясы факультети (1978-1983-ж.ж.), Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция факультети (1993-1995-ж.ж.),

САР сертификаты бар, Бухгалтерлер жана аудиторлор бирикмесинин (ОБА) мүчөсү, ошондой эле CARANA, IBTCI, MFC жана башка эл аралык окуу борборлорунун сертификаттарынын ээси. Каржылык жана башкаруучулук эсепке алуу боюнча CARANA жана IBTCI курстарында атайын окуудан, микрофинансылык уюмдар үчүн Манчестердеги (АКШ) Кичи ишканаларды өнүктүрүү институтунун жана коммерциялык банктарда финансылык эсепке алуу программасы боюнча окуудан өткөн. 2008-жылы АКШнын Банктар ассоциациясынын Банк мектебинде квалификациясын жогорулатуу курсун аяктаган.

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын энеси, 1 небереси бар.

Учурда – "Бай-Түшүм" банкынын башкы менеджери.

Балалык: “Ата-энем китепти көп окуба деп урушканда...”

- Көк-Жаңгак шаарчасында төрөлүп, балалыгым ошол жерде өткөн. Ар улуттун өкүлдөрү жашаган шаарчада орус улутундагы калк көп эле. Жаратылышы кооз жердеги мектептердин биринде билим алгам. Биринчи мугалимим Раиса Яковлевнаны менин инсан катары өсүшүмө эң көп салым кошкондордун бири деп айта алам. Кыргыз кыздын орус тилдүү мектепте “5” деген баага окуганы өзгөчө бааланып, атамдын сыймыктанганын билем. 6-класста окуп жатканда мыкты окуган окуучулардын катарында "Артек" пионерлер лагерине барып, Кара деңизди көрүү мен үчүн жомоктогудай эле болгон. Кичинекей кезимден лидерлик сапатым бар болчу деп айта албайм, бирок активдүү балдардын катарында элем. Кол кайырма оюндарын ойноп, кышында тоодон чана тепчүбүз. Мектепти артыкчылык менен бүтпөсөм да, бир да "4" жок болчу. Жаштайымдан эле китепти көп окуп, ата-энем "көзүңө зыян" деп урушуп калышчу. Кечинде жарыкты өчүрүшсө, жууркандын ичинде фонарик менен китеп окуганымды эстеп калам. Компьютер жок болгондуктан, аз санда чыккан китептерди издеп таап, Теодер Драйзердин китептерин окуп, Совет учурундагы көпчүлүк адамдардай эле кызыктуу балалык баштан өткөн.

Студент: “Инженерлердин маянасы 120 рубль болгондо, мен окуудан 95 рубль алчумун”

- Политехникалык институтта коомдук тамактануу боюнча технолог адистигинде окудум. Студенттик кезде курулуш отряддарына чыгып жүргөнбүз. Жакшы окугандыктан, 50 рубль стипендия алып тургам. 3-курста кураторум өзүнүн лабораториясына котормочу кылып жумушка алды. Аналитикалык, техникалык материалдарды, химия сабагынан англис тилинен которуп берип 45 рубль алам. Окуу жайдан мен 95 рубль алып жаткан учурда инженерлердин маянасы 120 рубль болчу.

СССР тараган учур: “Жумушсуздардын катарын толуктагам”

- СССР таркаган соң жумушсуз калуу коркунучу пайда болду, ошондо кайрадан билим алуу керектигин түшүндүм. 1992-жылдары жумушсуз калып, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы кадрларды кайрадан даярдоо бөлүмүнүн юридикалык факультетинде сырттан окуп, артыкчылык менен бүтүрдүм. Биринчи кабыл алуу болгондуктан, дасыккан окутуучулардан билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Биз бүтүргөн муун мыктылардын бири болду деп ишенем. Ошол бөлүмдө окуганымдын азыркы тапта мага чоң жардамы тийип жатат. Кийинчерээк бухгалтерия тармагында билим алууну чечтим. Көп жыл мурун КЭПтин (САР - Certified Accounting Practitioner - кырг: Сертификациясы бар бухгалтер-практик. Оозеки сүйлөшүүдө "кэп" деп айтылат) "бухгалтер" деген сертификатын алгам. Учурдагы жумушумдун баштапкы билимиме тиешеси жок, башкача айтканда, таптакыр башка тармак.

Үй-бүлө жана карьера: “Балам “Апа, сиз качан окуп бүтөсүз?” деп таң калганда...”

- Жумушсуз калып, эки балам менен жалгыз, бир бөлмөлүү батирде жашаган күндөр болгон. 1993-жылы сом киргизиле баштаганда маянам 20 сомго барабар болуп калган. Ал учурда 1 килограмм эт 5 сом эле. Мындай кыйынчылыкка ар бир кыргызстандык туш келген. Биздин үй-бүлөдө да, өлкөбүздө да бир учурда кыйынчылыктар болду. Аз акчаны кантип жеткирем дечүмүн, балдарымды багып, аларга окуу куралдарын сатып беришим керек эле.

Ийгиликке жетүүдө бир нерсени курмандыкка чалдым деп айта албайм. Балким, үй-бүлөмө, балдарыма аз көңүл бурган чыгармын. Ошентсе да аларга тарбия бергенге жетиштим. Азыр жогорку билимдүү болуп, үмүтүмдү актап келе жатышат. Сапаттуу билим алгандардын келечеги кең экенин айтып келем. Балам бир күнү “Апа, сиз качан окуп бүтөсүз?” деп сурады. Мен “эч качан окуп бүтпөйм” дедим. Учурдун талабына ылайык билим алуу керек болсо, окуй берем. Өткөн жылы неберелүү болдум. Мүмкүнчүлүк болгондо убакытты балдарым менен өткөрүүгө аракет кылам.

Карьера менен үй-бүлөнүн ортосунда тең салмактуулукту сактап калса болот. Ар ким тагдырын өзү тандайт. Бирок ар бир кыз аял катары калыптанышы керек. Жашоосунда жакшы адамды, тагдырлашын тапса, ал жумушунда жардам берет. Өзүнө жаккан нерсени гана тандап, жаңылбаганга аракет кылуу зарыл. Негизгиси, кыздар билимдүү болушу керек. Учурда кыздарды ала качып үйлөнүп, анан ажырашып кеткендерин көрүп жүрөбүз. Аялдардын мындай абалын жакшы түшүнөм. Эгер алардын билими болсо, базарга сатуучу болуп барышмак эмес. Турмушка чыкканга чейин билим алса гана коргоно алат.

Дүйнө, илим, сулуулук: “Тил билсең, ааламдын борборуна жете аласың”

- Ооба, жумуш деп жүрө берсең убакыт өтө берет. Мен эс алуу үчүн Кыргызстандын тоолоруна чыкканды жакшы көрөм. Жумушум аркылуу чет өлкөлөргө чыгып турам. Эгерде ааламдын борбору деп мурун Киев саналса, сен көп тил билсең, ошол Киевге жете алчусуң. Азыр да ошондой. Мен англис, орус тилдерин билем, көп жер көрдүм. Окуу башка, тажрыйба, жашоо башка нерсе. Албетте, азыр жаштар үчүн интернет бар. Жок дегенде 2 тил билсең жакшы. Азыркы тапта орус тилин жакшы билбеген муун өсүп келгенин да билебиз. Бирок замандын талабын эске алып, тил билген пайдалуураак.

Ооба, билим, жумуш эле эмес, аялзаты болгондуктан, өзүңө кам көрүшүң керек. Спортко системдик түрдө мамиле кылбай келгениме өзүмдү жемелейм. Спорт менен алектенип баштап, кайра таштап койгонум, эртең деген адатым да бар.

Айымдарды карап, табият берген сулуулукту байкаса болот. Эгерде адамдын жашоосунда бейпилдик болбосо, анын сырткы келбетине косметика менен кам көргөнүнөн жыйынтык чыкпайт. Мен жасап жаткан жумушума, жашоомо ыраазы болсом, ал сырткы келбетиме түздөн-түз таасирин тийгизип турат. Сырткы келбетиң менен ички дүйнөңдүн ортосунда гармония болушу керек.

Офис-менеджерден банктын башкы менеджерлигине карай 3 жыл: "Бай-Түшүм" - менин экинчи үйүм"

- КМУУдан юридикалык билимди сырттан окуп бүткөндөн кийин, 1995-жылы юрист-бухгалтер болдум. "Бай-Түшүмдөгү" ишим 1998-жылы башталды. ЮСАИДдин бир долбооруна катышып, Ошто алгач офис-менеджер, кийин эсепчи болуп иштедим. Долбоор 4 жылга белгиленген болчу. Иштеп жүрүп каржы тармагында билим алдым. Карьерадагы өсүшүм да ошол жерден башталды. 2000-жылы Бишкекке келип иштеп калдым. Долбоор аяктап, каржы фондун уюштуруу демилгеси айтылды. "Бай-Түшүм" 2000-жылы октябрда иштеп баштаса, мен 2001-жылы март айында келгем. Ички аудитор болуп 1,5 ай иштедим. Башкы менеджердин кызматына бош орунга арыз берип, 34 адамдын ичинен мени тандап алышты. Банкта иштөө тажрыйбам жоктугуна карабай мага ишеним көрсөткөндөргө азыр ыраазымын. Ошондон бери ийгиликтүү иштеп келем. Менин ишимдеги ийгилигим банк менен байланыштуу. Мен бул жерде өстүм, максаттарыма жетип, балдарыма жакшы билим бердим. Ар бир аял каалаган нерсени "Бай-Түшүмдөн" таба алдым. "Бай-Түшүм" - менин экинчи үйүм. Бул жерде иштеген кызматкерлердин көпчүлүгү банкка чын жүрөгү менен иштеп, эмгектенип келишет. Биргеликте биз дагы ийгиликтерди багынтабыз деп ишенем.

"Математикадагы элементардык нерселерди билбеген дипломдуу кадрлар жок эмес"

- Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп ишке орношуу үчүн келишет. Азыркы жаштар алган билимдин деңгээли аябай төмөн экени өкүндүрөт. Бул жерде алардын күнөөсү жок, аталган маселе жалпы эле билим берүү тармагындагы системдик көйгөй болуп саналат. Балдардын басымдуу бөлүгү дипломдорун сатып алышат. Сүйлөшүүлөр үчүн келгендердин арасынан математикадагы элементардык нерселерди билбегенин көрүп кейийсиң. Айрымдары биздин банкта иштеп калып, билимин жогорулата алышат. Ошентип келип бүгүнкү күндө башкармалыктарда иштеп жаткандар бар. Бул алардын ийгиликке жетүүнү максат кылганынан улам десем болот. Сапаттуу билим, тил билүү көпчүлүк жолдорду, эшиктерди ачып берет. "Билим - бул күч" деп айтып коюшат эмеспи. Азыр көп адамдар ишкердик менен алектенип кетишти. Бирок мунун убактылуу экенин билишибиз керек. Бир кезде ким эмне колунан келсе, ошол иш менен алектенип баштаган. Бирөө сатуучулук менен иштеди. Мен ошол учурда билим, квалификация маанилүү экенин билип тургам. Азыркы күндө жеке ишкерлер да квалификациясы бар адамдарды жумушка алышат. Алар туугандарын ишке чакырбайт. Анткени алар менен иштешүү, талап башка. Мындай тенденция Кыргызстанга келди.

"Ийгилик сыры..."

- Кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликке жетүүдө адамдын мүнөзү да таасир берет. Эгер бир нерсеге жетем десең максат коюп, жетүүгө аракет кылуу зарыл. Англис тилинде айтылган “just do it” (кырг.: - жөн эле аткар; орус.: - взять и сделать) деген принцип менен жашайм. Жашоодо кааласаң, колуңдан бардык нерсе келет. Көп кыйынчылыктарды баштан кечирген адам катары жөн отуруп күткөн туура эмес экенин билем. Өлкөбүздө "иштебесең жашай албайсың" дей турган кырдаал болгон. Таш бир жерден жылбаса, жыйынтык чыкпайт. Мүнөзүм ушундай болуш керек, баштаган нерсени мыкты деңгээлде аткарганды жакшы көрөм, ал мага кубаныч тартуулап тим болбостон, андан ырахат алам. Ар кимдин жашоосу ар башка, ийгилигинин сыры да башка болот. Ийгилик – каалаган максатыңа жеткениң болсо керек. Максатың, тилегиң болсо, ага жетише аласың.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tagokg
2014-03-13 17:18:44
азаматсыз эжеке. Менин да ушул командада иштегим келет. Бирок жашым 30дан ашты да албайтго эми))
0
Nakinai
2014-03-15 19:30:56
Окуп чыгып, аябай коп улгу алдым. Ишинизге ийгилик.
0
zulfia15
2014-03-17 09:44:10
Ишинизге ийгилик, ийгиликке жеткен адамдарды карап турсан баары окшоштой сезилет, жашоосу. Мага аракетчилдиги жакты. СССР тараганда жумушсуз калган эркектер ичип кетишкен. Бул эже өзүн кармап окуптур. билимининин акыбети кайтып, мына менеджер, башкы менеджер.
0
aikow92
2014-03-18 19:07:12
Жакты.ы.ы.ы.ы. Гүлнара Шамшиева: "Кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликке жетүүдө адамдын мүнөзү да таасир берет. Мен англис тилинде айтылган “just do it” (кырг.: - жөн эле аткар; орус.: - взять и сделать) деген принцип менен жашайм".
+1
jalalabaddynkyzy
2014-03-24 16:32:03
Ийгиликке жеткени жакшы бирок "билими болсо базарда сатуучу болушмак эмес деген созу жакпады".Базарда отургандардын баары эле билимсиз деген туура эмес тушунук. Чын чынына келгенде базарда иштегендердин жашоосу сизге мага окшоп мамлекеттик жумушта иштегендерден алда канча ойдо. Озум деле мамлекеттик жумушта иштейм. Айдан айга маяна менен эле жашап журобуз, ошол эле мезгилде базарда иштеген туугандарыбыздын жашоосу алда канча жакшы
+3
vangolu
2014-05-23 14:49:59
орус англис тилин билет экенсиз .бул да аздык кылат.Ааламдын борбору Киев экенине ишеним жок
0
Ayperi94
2015-08-14 15:01:14
"Эгер бир нерсеге жетем десен максат коюп жетууго аракет кылуу зарыл". Мага ушу созу жакты бактылуу болун аял затына тиэшелуу баардык бакытты каалайм.
0
Jaloshtalnarisbatchui
2016-05-26 13:27:23
Эже азаматсыз.. Чыныгы мусулман кызынын мунозу....
0
gulnazmadalbekova
2017-10-31 18:43:37
Гулнара эжеден коп улгу алдым маегинизге рахмат. Бирок мамлекеттик жумушка иштейин десен эле эски карышкырлар туртуп коёт. Сиздей эжелер коп болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан