Руслан Маджинов эркин күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Руслан Маджинов Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу КРнын Эркин күрөш федерациясынан билдиришти. Кошумчалай кетсек, 2006-жылдан баштап башкы машыктыруучулук кызматты буга чейин Анарбек Усенканов аркалап келген. 

Маалымат үчүн: Руслан Маджинов - Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Эл аралык аренадагы жеңиштерине токтолсок, Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси (Өзбекстан, 1999), Тегеранда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 4-орунга ээ болгон (Иран, 1998).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан