Беларустун президенти Александр Лукашенко Крымды Орусияга тарттырып жиберүүгө Украина өзү күнөөлүү экенин билдирди. Маалымат 23-мартта жарыяланды.
“Бийликке келип орус тилине тыюу салып, орус тилдүү жарандарга кысым көрсөтүү эмне үчүн болду? Орусия күч менен Крымды бөлүп алганын айтышууда. Саясатчылар, силер минтип айтпагыла. Орусия эмне болуп жатканын көрдү, анан кийлигишти. Крымда 2,5 миллион орус жараны жашайт. Бирок бул бийлик себеп жана шылтоо берди”,- дейт Лукашенко.
Беларусь президенти иш жүзүндө Крым Орусиянын аймагына карап калганын моюнга алды. “Тааныйбызбы, тааныбайбызбы, мындан эч нерсе өзгөрбөйт. “Келгиле, Орусияга кошулушун тааныгыла же колдобогула” деп бизден эч ким сурабайт”,- дейт ал.
Эскерте кетсек, 21-мартта президент Владимир Путин Крымдын Орусияга кошулушу боюнча федералдык мыйзамга кол койду.