Бишкектин айрым жерлеринде 25-мартта таза суу берилбейт. Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Фучик, Фрунзе, Манас көчөлөрүндө, “Ош базарынын” айланасындагы көчөлөрдө, №8, 73, 3, 72, 164, 165-бала бакчаларда, №9, 13, 31, 8, 2-орто мектептерде, Бишкек каржы-экономикалык академиясында, Кыргызстан эл аралык университетинде, Бишкек троллейбус башкармалыгында таза суу берүү токтотулат.
Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, Ленин райондук администрациясында, “Бишкекункомбинатында” да таза суу болбойт.