Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын аймагындагы таштандыларды өздөрү тазалай башташты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакиров билдирди.
“Жолду тазалоого чыкканыбыздын себеби, көпчүлүгү бизге эмне тийиштүү экенин билбей эле бизди иштебей жатат дей беришет. Биздин ишканага челектеги таштандыларды алуу гана карайт, ал эми жерде жаткандар башка ишканага карайт. Бул жерде төгүлгөн таштандылар негизинен биз менен келишим түзбөгөн мекемелерден ташталган таштандылар, анткени таштандыны төгүүчү жайга алып келип төксө, акча төлөнөт. Бул жер ээн болгондуктан, ушул жерге төгүп кетишет. Азыр төгүлгөндөрдү унаага жүктөп, ал эми чачылып жаткандарды мекеменин кызматкерлери колу менен терип жүрүшөт”,- дейт.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-мартта аталган ишкананын кызматкерлеринин демилгеси менен шаардан Дача айылына кетүүчү жолдогу таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, дем алыш күнүнө карабай мекеменин 11 кызматкери жетекчиси баш болуп ишембиликке чыгышты. Алар шаар четинен тарта таштанды таштоочу жайга чейин таштандыларды терип чыгышкан жана аз көрүнгөн бул таштандынын көлөмү 9 кубдан ашты.