ЖК: Депутаттар жалган маалымат менен мазактоонун айырмасын талашып-тартышты

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 25-марттагы жыйынында жалган маалымат таратканы үчүн ММКларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароо талаш-тартыш менен коштолду. Мыйзам долбоору чийки экенин айткан депутаттар жалган билдирүү менен адамды кемсинтүү, маскаралоонун айырмасын так ажыратуу керектигин айтышты.

Кенжебек Бокоев “Мисалы, мен “МАИ кызматкерлери бүт жегичтер, коррупционерлер” десем жалган маалымат болобу?” деп сурады автордон. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Эристина Кочкарова “жалпылап эмес, бир адамдын атын аташыңыз керек болот” деген жооп узатты.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев жалган билдирүү башка, адамды кемсинтүү таптакыр башка түшүнүк экенин билдирип, мыйзам долбооруна муну тактап жазууну сунуштады. “Туңгуюкка кептеп жатасыңар. Биринчи окууда комитетте концепциясын жактырганбыз, палатада добуш берүүдө шыр өтүп кетти. Шамал кайсы жактан согуп жатканын билебиз”,- деп билдирди Абдылдаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан