Бишкекте экинчи Билим фестивалы өтөт 

27-мартта Бишкекте экинчи Билим фестивалынын усулдары жана жалпы өткөрүү тартиби боюнча маалымат берилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына фестивалды уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, фестиваль 26-27-апрелде Бишкекте өтөт. Азырынча иш-чараны И.Раззаков атындагы КМТУнун залында жана эски аянтта өткөрүү пландалууда. 

2013-жылы 18-19-майда өткөн фестивалдын жыйынтыгында өлкөдө техникалык адистерге муктаждык чоң экени байкалган. Ошол себептүү экинчи фестивалды уюштуруу чечими кабыл алынган. Анда жаштарды жана өспүрүмдөрдү ушул тармакта кесип ээлери болууга үндөп, ушул жагына басым жасалат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан