23-24-март күндөрү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Көсө-Терек айылында адыр боорунда жарака пайда болду. Жарака “Датка-Кемин” электр линиясынын №116-таянычы орнотулуп жаткан жерде пайда болгон. Натыйжада аталган аймакта болжол менен 6 миң метр куб көлөмдөгү жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды.
Мындан улам 24-март күнү аталган райондун Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан, “Жалал-Абад” жогорку чыңалуудагы электр тейлөө ишканасынын өкүлдөрү жана ӨКМнын Мониторинг департаментинин башкы адиси Т.Изабековдун катышуусу менен кооптуу аймак изилденди.
Комиссиянын тыянагы боюнча, көчкү турак жайларга түздөн-түз коркунуч туудурары аныкталып, айылдык аймак тарабынан 6 жана 7 кишиден турган 2 үй-бүлө коопсуз аймакка (туугандарыныкына) көчүрүлдү. Ошондой эле 8 жана 3 кишиден турган дагы 2 үй-бүлө мүчөлөрү кечкисин кооптуу аймакта калбай, башка аймактардагы туугандарынын үйүндө түнөп жатышат.
ӨКМнын маалыматына ылайык, көчкү коркунучу бар аймак жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынды.
Көчкү коркунучунун пайда болуусуна №116-таянычтын пайдубалын орнотууда жер кыртышынын бекемдиги бузулганы себеп болушу мүмкүн деп тыянак чыгарылды.
Комиссия “Жалал-Абад” жогорку чыңалуудагы электр тейлөө ишканасынын жана ТВЕА ачык акционердик коомунун өкүлдөрүнө “Датка-Кемин” электр линиясынын №116-таянычын тийиштүү тараптар менен кеңешип, коопсуз аймакка көчүрүүнү сунуштады.