Эртең, 26-мартта саат 10:00дө Бишкекте, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында “Коррупцияга каршы эл кыймылы: Люстрация” коомдук уюму митинг уюштурат. Бул тууралуу аталган кыймылдын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, Кыргызстандагы саясий каатчылык жана “Ырыс алды - ынтымак” коалициялык көпчүлүктүн тарап кетүүсү нааразылык акциясын уюштурууга түрткү болгон. Иш-чарада “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу, министрлер кабинетинин курамын түзүүдө талапкердин кесиптик сапаттарына жана коомдук пикирге көңүл буруу, люстрация боюнча демилгенин мазмунуна калыс баа берүү талаптары коюлат.