Асылбек Жээнбеков дипломатиялык миссиясы башталган Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Зураб Патарадзени кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 25-мартта Грузиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Зураб Патарадзени дипломатиялык миссиясынын башталгандыгына байланыштуу кабыл алды.

Парламент спикери элчини бул кызмат ордуна келиши менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы кызматташууну жандандырууга салым кошоруна үмүт артарын билдирди. Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамиленин маанисине токтолуп, эки тараптуу мамиле өнүгүп, бекемделерине ишенерин кошумчалады. 

Өз кезегинде элчи Грузиядагы ийгиликтүү жүзөгө ашкан реформалар тууралуу кеп кылып, өлкө экономикасынын өнүгүшү тууралуу учкай маалымат берди. Муну менен катар ал грузин диаспорасынын сакталышын жана маданияты менен салт-санаасынын өнүгүшүн шарттаган Кыргызстандагы этникалар ортосундагы биримдик саясатына ыраазычылыгын билдирди. 

Баарлашуунун жүрүшүндө дипломатиялык миссиянын башчысы эки өлкө ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүү боюнча пландары менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасында Грузиянын ардактуу консулдук институтунун ачылышы мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан