Кыргызстанда 1 адамдын өлүмү үчүн мамлекет 1,6 миллион сомдук зыян тартат

Кыргызстанда 2013-жылдын 9 айында укук коргоо уюмдарына 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Муну акыйкатчы Бактыбек Аманбаев бүгүн, 25-мартта ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Аманбаев жылдан-жылга адам укуктарынын бузулушу көбөйүп жатканын айтат. “Адам укуктарынын сакталышы жаатында мыйзамдар кабыл алынып жатканы менен, анын талаптары аткарылбай калууда”,- деди ал.

Акыйкатчы киши колдуу болуп же кырсыктан улам көз жумган бир адамдын өлүмүн иликтөө үчүн мамлекет 1,6 миллион сомдук зыян тартарын кошумчалады. Ага тергөө иштери, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, сот жүрүмү жана башка чыгымдар кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан