Жеңиш Молдокматов: "Гейлерге каршы келген мыйзамдын өтөрүн билгендер зордук-зомбулукту токтотобуз деп жөө жүрүшкө чыгышууда"

Бишкекте 25-мартта “Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу” деген ураандын астында жөө жүрүш болуп өттү. Бул боюнча гей-пропагандага каршы чыгып келген “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов "гейлерге каршы келген мыйзамдын өтөрүн билгендер зордук-зомбулукту токтотобуз деп жөө жүрүшкө чыгышууда" деп билдирди.

Анын айтымында, аталган жөө жүрүштү уюштурган активисттер кожоюндарынан алган акча каражаттарын актап жатышат. “Мындан тышкары алар гей-пропагандага каршы келген мыйзамдын өтөрүнө көздөрү жетип, тынчы кетип кыйналып жатышат”,- деди ал.

“Эгерде жөө жүрүштүн катышуучуларына “Калыс” кыймылы тарабынан каршы митинг өтсө, алар кысым менен басымдын маңызын түшүнмөк. Алар кылган аракеттери менен чоң чыңалууга алып келип, жабыркап калышы мүмкүн. Анан сөзсүз бизди күнөөлөп чыгышат”,­- дейт Жеңиш Молдокматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayday2
2014-03-26 12:24:35
3 млн эл болсок, анан батыштын кумса саясатын жайылтып, ага кадимкидей грант алып, сексеңдеп чыккан НПОло куруп кетсин.Батыш жүздөгөн секталарды тыгып,гейлердин укугун коргомуш этип, алакандай кыргызды ичинен иритип өлтүрө турган болду.
+1
Ayday2
2014-03-26 12:29:19
Жакында эле Парижде кумсаларга уруксат берген мыйзам иш жүзүнө ашып,3 ай өткөндөн кийин, млндогон француздар буга каршы чыгап, үлкөн нааразы жүрүш өткөрүштү, бу адамзат эрежесине каршы келген жийиркеничтүү көрүнүш.
0
admin_superstan
2014-03-26 13:26:29
Dadin, мазактоого жана кемсинтүүгө тыюу салынган.
Эскертүү!
-1
admin_superstan
2014-03-26 15:08:25
Dadin, нааразычылыктар болсо info`го купуя кат аркылуу жөнөтүңүз.
-1
algajawoo
2014-03-26 22:21:28
Чыныгы кыргыз гей мей болбой эле журот кайсы Кыргызстан тарыхында гей деген соз уктунар мен 2 ай алдын уктум Кыргызстан да да гей бар экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан