8-марттан бери дайынсыз жоголгон малайзиялык учактагы жүргүнчүлөрдүн жакындары кечээ, 25-мартта Пекиндеги Малайзиянын элчилигинин астында баш аламандык уюштурушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар "бизге ушул кезге чейин жалган маалымат берип келишти" деп бийликти күнөөлөшкөн. Колдоруна "Малайзия авиалиниясы", силер бизге баарын түшүндүрүп беришиңер керек!", "Биз чындыкты билгибиз келет!", "Жакындарыбызды кайтарып бергиле!" деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан демонстранттар элчиликтин имаратынын тосмосун бир нече жолу бузуп, суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун сактоого кытай аскерлери, полиция кызматкерлери жана атайын кызматтын агенттери келишкен. Баш аламандык учурунда бир аялдын гана эс-учун жоготкону болбосо, бактыга жараша, жабыркагандар болгон эмес.
Белгилей кетсек, 24-мартта Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак жоголгон учактын Инд океанына түшкөнү жана андагы жүргүнчүлөрдүн тирүү калганынан күмөн санап жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан эле. Азырынча учактын калдыктары табыла элек.
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп баратканы көрүнгөн.