Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ассоциациясы жашоо шарттарын жакшыртуу максатында тиешелүү министрлик жана ЖКнын Адам укуктары боюнча комитети менен жолугушту.
Жолугушууда мамлекеттик органдар былтыркы жылдан бери жасалган иш-аракеттери жөнүндө отчёт тапшырышты. Жеткиликтүү социалдык турак жайлар, дары-дармекке болгон кымбат баалар, таяныч-кыймылдатуучу аппаратынан жабыркаган балдарга мектеп-интернаттарынын санын көбөйтүү маселеси талкууланды.
Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, көп маселелердин чечими аталган министрликтин демилгеси менен ишке ашып жаткан социалдык-медициналык экспертизада камтылган. Негизги максат - аларга билим берүү, жумушка орноштуруу, ошондой эле жашоо шарттарын жакшыртуу жана транспортто жүрүүсүн жеңилдетүү. Бул тууралуу 26-мартта министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.