Бүгүн, 26-мартта Бишкекте, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында “Коррупцияга каршы эл кыймылы: Люстрация” коомдук уюму митинг өткөрүп жатат.
Иш-чарада “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу, министрлер кабинетинин курамын түзүүдө талапкердин кесиптик сапаттарына жана коомдук пикирге көңүл буруу, люстрация боюнча демилгенин мазмунуна калыс баа берүү боюнча талаптар айтылууда. Митингге 80ге чукул адам катышууда.