Баткен. Донорлор уюмунун координациялык кеңешмеси өттү

Кечээ, 25-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы Донорлор уюмунун координациялык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.

Анда ушул жылдын иш пландары, 2014-жыл ичинде Баткен облусунда иштеп жаткан банктар, кредиттик, микрокредиттик уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан берилип жаткан насыялар туурасында маалыматтарды берүү системин макулдашуу жана иретке келтирүү жөнүндө маселелер каралды.

Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациялар башчысы, акимдин биринчи орун басарлары, шаар мэрлеринин биринчи вице-мэрлери, банк, кредиттик, микрокредиттик жана кредиттик союздардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан