Бишкекте өкмөттүн курамы жаңы адамдардан түзүлүшүн талап кылган митингчилер тарашты (фоторепортаж)

Бүгүн, 26-мартта Бишкекте, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында “Коррупцияга каршы эл кыймылы: Люстрация” коомдук уюму өткөрүп жаткан митинг аяктады.

Иш-чарага аталган кыймылдын мүчөлөрүнөн тышкары "Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук бирикмеси, жалпысынан 80ге жакын адам катышты. 

"Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин лидери Алмазбек Жазыбаевдин айтымында, учурда өкмөттүн түзүлүп жаткан курамына эски министрлер кирбеши зарыл. “Эгер Жоомарт Оторбаев премьер-министр кызматына тандалса, анда биздин кыргыз жерибиз сатылат жана мамлекеттүүлүгүбүз жок болот, анткени ал чет өлкөлөргө мамлекеттик мүлктөрдү сатууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорго кол койгон”,- деди активист.

Нааразылык акциясынын жүрүшүндө эл алдына чыккан ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев: "Жаңы өкмөттүн курамы таза, булганбаган, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө турган адамдардан түзүлүш керек. Эгер министрликке талапкер өз кызыкчылыгын гана ойлосо, мындай адамга парламентке жана өкмөткө жол бербешибиз зарыл",- деп билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүнкү нааразылык акциясында “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу, министрлер кабинетинин курамын түзүүдө талапкердин кесиптик сапаттарына жана коомдук пикирге көңүл буруу, люстрация боюнча демилгенин мазмунуна калыс баа берүү боюнча талаптар айтылды.

Белгилей кетсек, люстрация (лат. lustratio) – айрым адамдарды мыйзамдык жактан чектеген саясий практика. Ал айрым жарандардын профессионалдык, диний, партиялык жана башка өңүттөгү ишмердүүлүгүн иликтеп, аларга мамлекеттик кызматта иштөөсүнө, профессионалдык ишмердүүлүгүн аткаруусуна тыюу салып, жеке турмушу тууралуу маалыматтардын ээн-эркин таркатылышына жол берет.

Митинг. Өкмөттүн курамы жаңы адамдардан түзүлүшү керек дешүүдө

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан