Жалал-Абад тургундары: “Кайсы дарыгерге барба, өздөрүнүн тааныштарынын дарыканасына жиберишет”

Бүгүн, 26-мартта Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгынын жыйындар залында медицина кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жашоочулар ар кандай суроолорго жооп алышты. Ал эми Курманбек аймактык башкармалыгынын 30-кондоминиумунун үй комитети Равшанбек Бакышов: “Азыр дарыгерлер бизнес кылып алышканбы, билбейбиз. Кайсы дарыгерге барба, өздөрүнүн тааныштарынын дарыканасына жиберишет. Ал эми бир эле дары ар кайсы дарыканада ар кандай баада сатылат”,- дейт. Андан көрө дарыканаларды кыскартуу керектигин да кошумчалады.

Айта кетсек, 25-мартта башталган аталган жолугушуулар 1-апрелге чейин улантылат. Мындай жолугушуулардын максаты элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана дарыканалардын жумушун жакшыртуу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
LISICHKA
2014-03-26 13:44:34
Туура,таш ыргытсан аптека м-н кафенин башына тиет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан